Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айылында заманбап "Кең-Сай" бажы-логистикалык терминалы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу тиешелүү Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, терминал электрондук кезек системасы менен жабдылган. Жалпы аянты 8 гектарды түзгөн комплекс бир убакта 420 жүк ташуучу унааны кабыл алууга ылайыкталган. Анын 220 орду импорттук, 200 орду экспорттук жүк ташуучу унаалар үчүн каралган.

Терминалдын аймагында унааларды таразалоочу аянтча, жүктөрдү кайра жүктөө зонасы, бажы көзөмөлүн жүргүзүүчү жайлар жана бажы брокерлери үчүн бөлмөлөр бар.

Электрондук кезек системасы жүк ташуучу унаалардын кыймылын жөнгө салып, өткөрүү пунктуна баруучу жолдордогу тыгындарды азайтууга жана ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

Долбоор "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКтын түштүк филиалынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында ишке ашырылды.

Жаңы терминалдын ачылышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды

"Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

Кайсы аймакта маяна жогору?

Баткен районуна жаңы аким барды