Бишкекте беш айдын ичинде жол эрежесин бузгандарга 62.7 млн сом айып салынды

Бишкекте беш айдын ичинде жол эрежесин бузгандарга 62.7 млн сом айып салынды

Бишкекте жыл башынан тартып беш айдын ичинде жол эрежесин бузгандарга жалпысынан 62.7 млн сом айып салынды, деп билдирет 24.kg маалымат агенттиги.

Патрулдук милиция кызматынын жетекчилигинин билдирүүсүнө жараша, Бишкекте унаа токтотуу эрежелери эң көп бузулат. Алардын айтымында, 2022-жылдын беш айында туура эмес жерлерге мыйзамсыз унаа токтотууга 77 миң 112 протокол түзүлгөн.

Жалпысынан январь айынан май айынын аягына чейин жол эрежесин бузуу боюнча 142 миң 777 протокол түзүлдү:

  • коопсуздук курунун тагылбагандыгы жана мотоциклдик каскаларды колдонуу эрежелерин бузуу – 36 миң 510;
  • жөө жүргүнчүлөргө жана велосипедчендерге карата эреже бузуу – 8 миң 151;
  • мас абалында унаа айдоо – 1320;
  • документи жок унаа айдоо – 907;
  • мыйзамсыз тонировкалоо – 373;
  • жасалма номерлер – 34;
  • бейбаштык – 25;
  • башка бузуулар – 18 миң 345.

Беш айдын ичинде 10 436 унаа штрафстоянкага коюлган. Мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик бюджетке 62 млн 74 миң 790 сом төгүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол