Суусамырлыктар «Аталыкка» берилген 3 миң га жерди кайтарууну суранууда

Суусамырлыктар «Аталыкка» берилген 3 миң га жерди кайтарууну суранууда

Бүгүн Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын тургундары чогулуп, 5 миң га жерди ала албай жатышканын жана Арамза жайлоосуна баруучу жолдогу бузулган көпүрөнүн айынан катаал жана узак жол басып жатышканын айтып арызданып чыгышты, деп билдирет turmush.kg.

Бузулган көпүрөнү жана эски көпүрөлөрдү оңдоо маселесинен тышкары, эл айыл өкмөтүнө тиешелүү жер “Аталык” фирмасына берилгенине нааразы.

“2016-жылдын 19-августунда элдик жыйындын негизинде 5000 гектар жер «Агротек» компаниясына 49 жылга ижарага өтүп кеткен. Алар: «италиялык инвесторлор менен иштешебиз, малга тоют даярдоочу жай курабыз, тоюттан тышкары беденин калдыгынан биогаз чыгарабыз, 300гө жакын жумуш орундарын түзөбүз, ар бир үйгө газ түтүгү кирет» деген келишим менен алышкан. Мунун бирин дагы көргөн жокпуз. Ал тургай быйыл, 2022-жылы, жерди башка «Аталык» компаниясына өткөрүп жиберишти. Бул жерди кайра элге кайтарып берсе деп кайрылып жатабыз», – деп билдиришти жергиликтүү активисттер.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асылбек Нурбеков учурда аталган жер боюнча Суусамыр айыл өкмөтү сотко кайрылганын айтты.

“Жерди «Аталык» компаниясы өткөрүп алыптыр. Бирок, былтыр Суусамыр айыл өкмөтү 1.5 миӊ гектарын кайра кайтарып алган. Азыр 2900 га жер «Аталыкта» турат. Эл ага нааразы болгондуктан, айыл өкмөт келишимди жокко чыгаруу үчүн сотко берди. Учурда соттун чечимин күтүп жатабыз», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол