2020-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы такталып бүтө элек

2020-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы такталып бүтө элек

Бүгүн, 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдын демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы. Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов белгилегендей, Эсеп палатасы 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 22 пункттан 7 иш-чара аткарылды, 4 жарым-жартылай аткарылды, анын ичинде бюджетке калыбына келтирүү бөлүгүндө 22 млрд 373 млн сомдун ичинен 17 млрд 448 млн сом калыбына келтирилди.

Алсак, Башкы прокуратура тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар боюнча «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан алынган 4 млрд 915.7 млн сом максатсыз пайдалануу боюнча иштер каралып жатат. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бул каражаттарды калыбына келтирүү маселесин көтөрүштү. Ага Финансы министрлиги 2023-2026-жылдар аралыгында фонддун каражаттарын калыбына келтирүү боюнча иштерди пландап жатканы айтылды.

Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо 2019 жана 2020-жылдардагы бюджеттин киреше бөлүгүнө кызыкты. Финансы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаев 2020-жылы киреше 134.5 млрд сомду, 2019-жылы болсо 148.4 млрд сомду түзгөнүн белгиледи. Эл өкүлү Арсланбек Малиев консолидацияланган бюджеттин динамикасын тактады. Депутат Алишер Эрбаев Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна 230 млн сом мыйзамсыз которулганын белгиледи. Ошондой эле, депутаттар кредиттик каражаттын өздөштүрүлбөгөнү боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу да суроолорду беришти.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол