Быйыл туристтик сезон башкача өтөт

Быйыл туристтик сезон башкача өтөт

2022-жылкы туристтик сезон чындап эле башкача болот, бирок бир-эки айдын ичинде баарын оңдоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда, маалымат жыйынында Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди, деп жазат kaktus.media.

Калашникованын айтымында, бир нече маанилүү көйгөйлөр бар: дүйнө Кыргызстанды туризмдин өлкөсү катары жакшы тааныбайт, өлкөнүн ичинде маалыматтык боштук бар, ошондой эле инфраструктуралык маселелер көп.

«Ошондой эле биздин азыркы милдетибиз – бул тарыхый жана жаратылыш эстеликтерин тартипке келтирүү. Мисалы, Ыйык Матфейдин сөөгү коюлган жай батыштагыларды, ал эми Баласагын чыгыш элдерин кызыктырат. Туризм экономиканын флагманы болуп, өлкөдөгү туризм тармагында иштегендерге жардам беришибиз керек”, – деди ал.

Калашникова инфраструктураны жакшыртуу үчүн фонд жасай баштаган бардык долбоорлорду санап өттү.

Маселен, RestPoint – туристтик жана шаарлар аралык каттамдар жыш жүргөн жолдордо эс алуу пункттары ачыла баштады. 2023-жылдын сезонунун башталышына карата алардын 68и, быйыл 21 пункт ачылат. RestPoint-торду кура турган подрядчиктер ишке киришкен.

“Бул саякатчылар жана туристтер үчүн токтоп, маалымат алуу, гаджеттерди заряддоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бул жерде террасадан кофе ичип же душка түшсө болот. Ажаткана, чакан дүкөн жана кофекана, смартфон жана электромобиль үчүн заряддоо пункттары, ошондой эле маалымат стенддери болот», – деди Калашникова.

Фонддун жетекчисинин айтымында, маанилүү маселе болуп өлкөнүн бүт жерлеринде санаториялык дарылоону жандандыруу эсептелет.

“Бул туристтик сезонду узартат. Азыр чет элдик эксперттер сөөк жана муун, өпкө ооруларын дарылоо потенциалын баалап жатышат. Өтө ийгиликтүү эмес санаторийлер кирешелүү санаторийлердин эсебинен колдоого алынат”, – деп Елена Калашникова келечектеги пландар жөнүндө айтты.

«Оруу-Сай» эс алуу жайын даярдоо боюнча изилдөө иштери башталган, Ысык-Көлдүн Тамга айылына эл аралык деңгээлдеги спорттук базаны куруу иштери жүрүп жатат – ал олимпиадалык спортсмендерди даярдоо үчүн бардык талаптарга жооп бермекчи. Раззаков жана Каракол шаарларында да эс алуу зонасы түзүлүүдө.

«Быйыл бардык тарыхый жерлерге көрсөткүч белгилерди коёбуз», –деп кошумчалады фонддун жетекчиси.

Калашникова айрым маданий-тарыхый эстеликтер чек ара тилкелеринде жайгашканын, азыр аларга барууга уруксат алуу кыйын экенин белгиледи.

«Бирок мындай уруксаттарды Калкты тейлөө борборлорунда берүү пландалып жатат, ошондой эле чет элдик туристтер ээн-эркин эс алышы үчүн аларды онлайн каттай баштайбыз», – деп жыйынтыктады Калашникова.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол