Парламент Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар алуу боюнча Дүйнөлүк банк менен келишимди ратификациялады

Парламент Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар алуу боюнча Дүйнөлүк банк менен келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш кечээ, 22-июндагы жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо келишимин ратификациялоо чечимин кабыл алды. Бул макулдашуу боюнча Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлөт, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Эске салсак, бул каржылоо макулдашуусуна министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен 20-апрелде Вашингтондо кол койгон. Каражат Баткен облусундагы экинчи “Экономикалык аймактарды өнүктүрүү” долбооруна багытталат. Долбоор 2022-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылмакчы.

Долбоорго жараша 5 компонент ишке ашырылат:

  1. муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо чаралары – 24 млн доллар (бөлүнгөн каражаттардын дээрлик жарымы).
  2. агрардык азык-түлүк кластерлерин чыңдоо – 21 млн доллар.
  3. жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө дем берүү – 2 млн долларга чакан гранттар.
  4. күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү үчүн каражаттарды кайра бөлүштүрүү.
  5. долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү – 3 млн доллар.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол