Соода-өнөр жай палатасы Россияда, Кытайда, Өзбекстанда, Сауд Арабиясында жана Европанын төрт өлкөсүндө өкүлдөрүн дайындады

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) Орусия, Кытай, Өзбекстан, Сауд Аравия жана Европанын төрт өлкөсүндө өз өкүлдөрүн дайындады. Бул тууралуу чечим палатанын президиумунун кезектеги жыйынында кабыл алынганын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр дайындалды:

  • Асан Садыков – Сауд Арабиясында
  • Азамат Исмаилов – Польшада, Чехияда жана Германияда
  • Мааданбек Караев – Өзбекстанда
  • Жаркынай Кошоева – Голландияда
  • Фатима Усубалиева – Кытайда (Гуандун жана Шаньдун провинциялары)
  • Михаил Тумасов – Россияда (Москва)

Ошондой эле, КР Соода-өнөр жай палатасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрү бул жылга карата иш пландарын көрсөтүшкөнү айтылды. Анын арасына өлкөлөр ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү, виза алууга көмөктөшүү, көргөзмөлөрдү, бизнес-миссияларды уюштуруу жана башкалар кирет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды