«Текстиль Транс» кездеме чыгарууну 2.5 эсе көбөйтөт — ОКӨФ дагы насыя берди

«Текстиль Транс» кездеме чыгарууну 2.5 эсе көбөйтөт  — ОКӨФ дагы насыя берди

Кыргызстандагы ири өнөр жай ишканаларынын бири “Текстиль Транс” фабрикасы өндүрүшүн 2.5 эсеге кеңейтүү үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) менен жеңилдетилген насыя бөлүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун биринчи этабында суткасына 10 тонна кездеме чыгаруучу текстиль фабрикасын куруу каралган эле. Долбоор ОКӨФ колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашып, Токмокто текстиль фабрикасы иштей баштады.

Экинчи этаптын алкагында фабриканын өндүрүмдүүлүгү 2.5 эсеге — суткасына 25 тонна кездемеге чейин жогорулайт. Бул максатта ОКӨФ тарабынан 7.5 млн доллар бөлүнөт. Ошондой эле фабрикада кошумча 200 жумушчу орун түзүлүп, чыккан продукция жергиликтүү кийим тигүүчү ишканалардын трикотаж кездемеге болгон суроо-талабынын үчтөн эки бөлүгүн жабат. Салык төлөмдөрү да көбөйөт.

Мындан тышкары окуңуз

Зергерчилик тармагына колдоо: чийки зат арзандап, жеңилдетилген насыялар берилет

Зергерчилик тармагына колдоо: чийки зат арзандап, жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган жаңы чаралар кабыл алынды. Бул демилгелер Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилди. Экономика министрлигинин маалыматка ылайык, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында баалуу металлдарды сатуу тартиби өзгөртүлдү. Эми ишканалар чийки затты London Bullion Market Association белгилеген

Бишкекте жаңы объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо күчөтүлүүдө

Бишкекте жаңы объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо күчөтүлүүдө

“КУЭТ” ААКнун Бишкек электр тармактар филиалы шаарда жаңы салынып жаткан объектилерди туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда шаар аймагында заманбап кабелдик чубалгылар тартылып жатат. Анда жогорку жүктөмгө туруктуу жана ишенимдүүлүгү жогору болгон АПвБПуг маркасындагы (сшитый полиэтиленден) кабелдер

Доллар, евро жана рубль арзандоодо. Дем алыш күндөргө карата валюталардын расмий курсу

Доллар, евро жана рубль арзандоодо. Дем алыш күндөргө карата валюталардын расмий курсу

Кыргызстандагы негизги валюталардын көбү сомго карата экинчи күн катары менен арзандоосун улантып жатканы байкалууда. Улуттук банктын расмий маалыматына таянсак, 25-апрелге карата валюталарды сатуу жана сатып алуу  курсу төмөнкүдөй болуп аныкталды:  -        АКШ долларынын курсу 87.41  сомдон 87.40 сомго төмөндөдү. Бир күндө 1.21 тыйынга арзандады. -        Евронун курсу

Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн 100-150 метр аралыгы убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, 25-апрелден 26-апрелге саат 9:00гө чейин жолду жабуу пландаштырылууда. Бул жерде диаметри 300