Жаңы барактан баштайлы – экономика министри мүлктү легалдаштыруу тууралуу

Жаңы барактан баштайлы – экономика министри мүлктү легалдаштыруу тууралуу

Кечээ, 22-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети министрлер кабинетинин мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун карады.

Документте анын максаты мүлктү жана кирешени мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу деп айтылат. Бул үчүн жеке жактардын мүлктөрүн өз ыктыяры менен декларациялоо аркылуу легалдаштыруу механизмин түзүү пландалып жатат.

Мындай жол менен башка бирөөлөргө катталган жана/же Кыргызстандын чегинен тышкары жайгашкан активдерди легалдаштыруу мүмкүн болот.

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун бардык коррупционерлер пайдаланашы мүмкүн деп эсептейт. Көптөр бул мыйзам долбоорун чиновниктер “өзү үчүн” жазды деп эсептешет.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Economist.kg басылмасына берген маегинде бул мыйзам долбоору эмне үчүн керек экенин айтты.

«Биз азыр бардык мүлктү, каалаган активдерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бул бизнес үчүн жаманбы? Базарларда патенттик ишмердүүлүк менен киреше таап, чоң капиталга ээ болгон ишкерлер бар. Бул акчага, мисалы, соода борборун ачты дейли. Эртең алардан бул каражат кайдан деп сурашат. Алар каяктан тапканын далилдей албай калышат. Салык кодекси боюнча алар салык төлөөдөн качкан болуп чыгат. Биз азыр келип, баарын мыйзамдаштырганга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Аларда жыл сайын топтолгон жана эсептерде сакталган жүгүртүү каражаттары бар. Ал эми биз бардык капиталды мыйзамдаштырууга толук мүмкүнчүлүк берип жатабыз», – деп түшүндүрдү Амангелдиев.

Ал ошондой эле оффшордук эсептери бар кыргызстандыктарды эске салды.

«Бул оффшорлорду легалдаштырса болот, башкача айтканда, банктык эсептериңизде мынча сумма бар деп жазасыз, ошону менен бүттү – сизде ал бар же жок экенин эч ким текшербейт. Акча кантип табылганы маанилүү эмес. Бирок бул акча өлкөбүздүн экономикасына иштей турган болсо, мунун эмнеси жаман болсун? Албетте, ким мурда эмне кылганын чукулап олтура берсек, анда алдыга жылбайбыз», – деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол