Алтын, доллар, криптовалюта: кайсынысына акча салган оң жана тез пайда берет?

Алтын, доллар, криптовалюта: кайсынысына акча салган оң жана тез пайда берет?

Заманбап финансы дүйнөсү инвестиция жасап, акча табууну каалагандарга сонун мүмкүнчүлүктөрдү берет. Варианттар көп: валюталык операциялар жана алтын куймаларын сатып алуудан баштап, акцияларга инвестиция салуу жана криптобиржада соода жүргүзүүгө чейин. Инвестор болом десеңиз, баарын таразалап көрүшүңүз керек.

Валюта

Акча табуунун классикалык ыкмаларынын бири – доллар же евро сыяктуу чет элдик валюталарга инвестициялоо. Буга негизги аргумент катары алардын сомго карата туруктуу жана жогорку курсу саналат.

Валюта рыногуна кызыгуу чет элдик валютага болгон ишенимден жана курс боюнча киреше табуу мүмкүнчүлүгүнөн улам келип чыгат. Мында валюта рыногунда да, жалпы экономика дүйнөсүндөгү окуялардан дайыма кабардар болуп туруу зарыл. Коммерциялык банктардын кассалары же алмашуу бюролору менен тыгыз иштешүүгө туура келет. Мындан тышкары, алмашуу курсунун кескин өзгөргөндө, адатта валютанын жетишсиздиги байкалат, бул аларды конвертациялоо көйгөйүн жаратат.

Анын ордуна атайын аянтчаларда соода кылса болот. Бирок, “соода” өнөрүн биринчи үйрөнүү керек.

Эскерте кетсек, валюталык операцияларда анча чоң эмес сумма, мисалы, 100 доллар менен катышуунун мааниси жок. Операциялардан пайда чыксын десеңиз, олуттуу каражат керек. Бирок валюта рыногундагы олку-солкулуктар инвестиция үчүн эң кооптуу болуп саналат, ал эми алтынга инвестициялоо – бул башка сөз.

Валюталык операциялар
Оң жактарыТез пайда табуу
Валюталык операциялардын тез жүрүшү
Терс жактарыВалюта жетишсиз кезде алмаштыруу кыйынчылыгы
Көп суммада акча керек

Баалуу металлдар

Алтын валютага караганда ишенимдүүрөөк вариант. Эксперттердин айтымында, алтын ресурстары чектелүү болгондуктан, анын баасы көтөрүлө берет, эч качан түшпөйт.

Мына айкын мисал: 2022-жылдын 30-майына карата КР Улуттук банкы алтын куймаларынын унциясын 192 миң сомдон сатса, туура бир жыл мурун ошол эле куймалар 165 миң сомдон турган.

Ошол эле учурда трой унциясын (31 грамм) дароо сатып алуунун кереги жок. Алтын куймаларынын өлчөмү 1 граммдан 100 граммга чейин өзгөрөт. Албетте, куйма канчалык чоң болсо, баасы ошончолук пайдалуураак болот.

Ошондой эле, дүйнөлүк окуялар алтындын дүйнөлүк баасына оң таасирин тийгизет. Маселен, коронавирустук пандемия учурунда банк секторуна болгон кызыгуу төмөндөп, бирок алтынга карата өскөн.

Мунун себеби, дүйнөлүк экономикадагы туруксуз жагдай финансы рыногунун катышуучуларын инвестиция үчүн туруктуу жана коопсуз активдерди издөөгө мажбур кылат. Бул жерде алтындын негизги артыкчылыгы – валюталык же санариптик активдерден айырмаланып, реалдуу бойдон кала бергендиги. Демек, алтынды депозиттериңизди инфляциядан коргой турган чыныгы байлык катары кароого болот.

Алтын
Оң жактарыРесурстардын чектелүү болуусу
Баасынын өсүшү
Активдин коопсуздугу
Инфляциядан корголгондугу
Терс жактарыКымбаттыгы

Депозиттер

Банктык депозиттерди инвестициялоо үчүн үчүнчү инструмент катары кароого болот. Депозиттердин кээ бир артыкчылыктары булар: банктар камсыздандыруу системасына милдеттүү катышкандыгы, кепилденген киреше, акча каражаттарын инфляциядан коргоо, акчаны уурдоо мүмкүн эместиги.

Депозиттерди банктын башка продукттарын колдонгон учурда банктан кошумча бонус катары караса болот, мисалы, депозитке байланган дебеттик карта же ипотекалык насыя алганда. Мындан тышкары, мындай инвестициялардын босогосу төмөн жана көбүнчө 1000-5000 сомдон баштап салса болот.

Бирок, депозит “жай киреше” алып келгендиги менен айырмаланат. Жалпысынан улуттук валютадагы депозиттер боюнча пайыздык киреше 6%дан 13%га чейин, чет элдик валютада 0.5%дан 1.5%га чейин.

Депозиттер
Оң жактарыКепилденген киреше
Акчанын сакталышы
Кредит алууда бонус
Аз суммада акча сала баштаса болот
Терс жактарыКирешенин аздыгы
Чет элдик валюта менен салууда пайыздардын төмөндүгү

Криптовалюта

Классикалык инвестициялык ыкмалардан айырмаланып, криптобиржалар акыркы 5 жылда жигердүү өнүгүп келе жатат. Көптөр бул аймакка ишенбейт, бирок, мисалы, биткойндордун көлөмү чектелүү болгондуктан, аларды алтын менен салыштырса болот.

Мисалы, биткойндордун саны 21 млн даана гана болсо, майнерлер 19 миллиондон ашыгын табышкан. Эксперттер акыркы биткойндор 2140-жылдары гана табыларын белгилешкен.

Ошондуктан, колдонуучуларга криптобиржаларга көңүл буруу сунушталат. Ал жерде инвестицияларды туура диверсификациялап, жакшы пайда тапса болот. Бирок, бул рынок жаңы. Эгерде депозиттер же алтын менен салыштырсак, аларга акча салып коюу менен эле иш бүтсө, криптобиржада болсо окуу курсунан өтүп, үйрөнүшүңүз керек.

Мисалы, криптовалюта жана криптобиржа жөнүндө негизги түшүнүктөрдү Bybit Education платформасынан алса болот. Бардык окуу материалдары акысыз жана ар дайым жеткиликтүү. Өзүңүз окуп үйрөнүп алгандан кийин, пайда болгон суроолорду ушул платформадагы жергиликтүү коомчулукка берсе болот. Бул кыргызстандыктар үчүн да ыңгайлуу, анткени Bybit-те орус тилинде баарлашкан колдонуучулар көп.

Криптобиржаларда акча табуунун бир нече жолу бар. Сиз санариптик валютаны узак убакытка сатып алып, криптовалютанын наркынын өсүшүн күтсөңүз болот. Бул ыкманын негизги өзгөчөлүктөрү – узак мөөнөттүүлүгү жана пассивдүүлүгү болуп саналат. Бул жерде, мисалы, кандайдыр бир миллиардердин же ири технологиялык компаниянын негиздөөчүсүнүн билдирүүлөрүнөн улам келип чыккан рыноктогу кескин жана кыска мөөнөттүү олку-солкулуктарга кабатыр болбой, узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгуу зарыл.

Трейдинг – бул акча табуунун эң тез жолу. Мындай инвестициялар менен, криптовалютанын наркы өсүп баратканда пайда таба аласыз. Атайын аянтчаларда соода кылып, санариптик валютаны сатуу аркылуу да, сатып алуу аркылуу да киреше ала аласыз.

Бул жерде чоң суммадан баштоонун кереги жок, эксперттер баштоо үчүн 100 доллар да жетиштүү деп эсептешет.

Криптовалюта
Оң жактарыУзак мөөнөттүк жана кыска мөөнөттүк пайда табуу
Аз сумма менен баштаса болот
Продукттардын түрлөрү көп
Топтоо системасы ийкемдүү
Келишимдердин тез жүрүүсү
Терс жактарыҮйрөнүп чыгуу керек
Туруксуздугу

Кайсынысы жакшыраак?

Инвестор болом десеңиз, кененирээк карап, каржылык инструменттердин бирине гана токтолбошуңуз керек. Эксперттер “бардык жумурткаларды бир себетке” сактабай, инвестицияларыңызды диверсификациялоону сунушташат. Тобокелдиктер көп болсо, бир нече пассивдүү ыкмаларын тандасаңыз, алар акча сактоонун жакшы ыкмасы болуп бере алат.

Билгичтик менен инвестиция жасасаңыз, каражаттарды көбөйтө аласыз жана бир учурда баарын жоготуп алуу коркунучунан арыласыз. Активдерди тандоодо бирин эле тандабастан, дароо бир нечесине көңүл буруу керек. Бирөөнү жоготсоңуз, анын ордун башкалар менен толуктасаңыз болот.

Өзүңүздү “финансылык жаздык” менен камсыз кылган соң, активдүү кадамдарды жасай баштасаңыз болот. Инвестор үчүн эң негизги сапат – башаламандык, ач көздүк жана өзүнө өтө ишенүүдөн арылуу. Банк продуктыларын туура тандоо, валюталык операцияларды туура учурда жүргүзүү, баалуу металлдарга инвестициялоо жана криптобиржаларда соода жүргүзүү (трейдинг) байлыгыңызды тез көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.