Быйыл селдер 174 млн сомдон ашык зыян келтирди

Быйыл селдер 174 млн сомдон ашык зыян келтирди

Жаздан бери Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жүргөн селдер 2.5 миңден ашык үйдү каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди, деп жазат azattyk.

Анын айтымында, 649 үйдү суу каптап, анын ичинен 61 үй жашоого жараксыз болуп калган, 100 үй капиталдык оңдоого муктаж.

Селдер келтирген жалпы зыян 174 млн сомду түзгөн. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле Талас жана Чүй облустарынын айылдарындагы селдер келдирген чыгымдар статистикага азырынча киргизиле элек.

«Быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу жаан-чачын көп болду, табигый кырсыктар 1.5-2 эсе көп катталды. Ошондуктан туристтик сезон 10-15 күнгө кечигип башталды», – деди Кулматов.

Селден жабыркаган жарандарды колдоо үчүн бюджеттен 52 млн сом бөлүнгөн.

Май айында Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында жүргөн селдин кесепетинен турак үйлөр гана эмес, айдоо аянттары да жабыркап, айрым учурларда мал-жандыктарды да суу агызып кеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол