30 жыл ичинде Германия экономика жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 400 млн евродон ашык каражат бөлгөн

30 жыл ичинде Германия экономика жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 400 млн евродон ашык каражат бөлгөн

30 жылдык кызматташтык мезгилинде Германия Кыргызстанга экономика жана саламаттыкты сактоону туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна 400 млн евродон ашык каражат бөлгөн. Бул тууралуу маалымат 23-июнда Экономика министрлигинде өткөн өкмөттөр аралык кеңешмеде айтылган.

Кыргыз делегациясынын жетекчиси – Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Германия Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.

Ошондой эле Германия өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда көптөгөн долбоорлор ишке ашырылгандыгы белгиленди. Алардын жыйынтыгы болуп: жаңы жумушчу орундарын түзүү, калктын кирешелеринин өсүшүн камсыз кылуу, КР экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу саналат.

Өз кезегинде германиялык делегациянын башчысы Дагмар Кренц Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин жетекчилиги кызматташууну уланткысы келерин баса белгиледи. Бул үчүн европалык, көп тараптуу, аймактык жана өкмөттүк эмес инструменттер кенен колдонулмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол