Кыргызстандын эл аралык резервдеринин азайышы уланууда - май айында алар 13 млн долларга кыскарган

Кыргызстандын эл аралык резервдеринин азайышы уланууда - май айында алар 13 млн долларга кыскарган

Улуттук банк башкарган Кыргызстандын эл аралык резервдери май айында дагы 13 млн долларга (-0.5%) азайып, 2 млрд 587 млн долларды түзгөн. Мындай маалыматтар регулятордун расмий сайтында берилген.

Эл аралык резервдердин азайышы өткөн жылдын сентябрь айынан бери уланып, рекорддук көлөм 3 млрд 241 млн долларды түзүп, бир аз өсүш декабрь жана февраль айларында гана байкалган.

Алсак, 2021-жылдын сентябрынан бери Кыргызстандын эл аралык резервдери 654 млн долларга (-20.2%) азайган.

Белгилей кетсек, эл аралык резервдер биринчи кезекте төлөм балансынын тартыштыгын жана валюта рыногундагы интервенцияларды каржылоого жумшалат.

Economist.kg билдиргендей, быйылкы жылдын башынан 26-майга чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында Улуттук банк доллар сатуу боюнча 284.3 млн доллардык беш интервенция (анын ичинен 66.65 млн доллар накталай сатылган) жана доллар сатып алуу боюнча 46.45 млн доллардык эки интервенция өткөргөн. Жыйынтыгында таза сатуу 237.85 млн долларды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол