Минкаб бюджетти колдоого Евразия фондунан 160 млн доллар алат - мыйзам долбоору парламентте добуш берүүгө жөнөтүлгөн

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан финансылык насыя алуу боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматты экономика министринин орун басары Руслан Татиков берген.

“Анын айтымында, бул макулдашуунун алкагында Евразия өнүктүрүү банкы КР бюджетин колдоо үчүн кредиттик шарт менен 160 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүп, 80 млн доллардык эки транш менен берилет. Насыя 20 жылга берилет, анын 10 жылы 1%га чейинки жеңилдетилген мезгил болуп саналат», – деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды