Кыргыз компаниялары Сеулда өткөн Import Goods Fair эл аралык көргөзмөсүнө катышышты

Кыргыз компаниялары Сеулда өткөн Import Goods Fair эл аралык көргөзмөсүнө катышышты

Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилиги Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен биргеликте 23-25-июнь күндөрү Сеулда өткөн эл аралык “Импорттук товарлар жарманкеси” көргөзмөсүнө кыргызстандык компаниялардын катышуусун уюштурду. Көргөзмө Кореянын Импортчулар ассоциациясы (КОИМА) тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көргөзмөнү KOИMAнын президенти Бён Кван Ким Корея Республикасында аккредиттелген 40тан ашык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин, ошондой эле 100дөн ашык чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачты. Кыргызстандан Корея Республикасындагы элчи Аида Исмаилова жана кыргызстандык Bee Honey, «Тянь-Шань белектери», «Туруктуу бизнес чечимдери» (SBS), «ГИМНИЛИ», Bal King, «Азиус», «Афиат Трейд», «Балары», «Аман Гринфуд», «Сан Планет Органик» и NAG Group компаниялары катышты.

Көргөзмөгө бал, шоколад, варенье, кийиз буюмдар сыяктуу түрдүү ата мекендик продукция, ошондой эле Bayra мода үйүнүн текстиль буюмдары коюлду. Иш-чаранын катышуучулары кыргыз балынын даамын татып, боорсоктон ооз тийишти.

Маалымат үчүн: Жыл сайын өтүүчү Import Goods Fair көргөзмөсү чет мамлекеттик товарларды жана продукцияларды Кореяда көрсөтүү боюнча ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол