Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн 100 млн доллар алат

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн 100 млн доллар алат

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргызстан менен быйылкы жылдын 19-апрелинде Вашингтондо кол коюлган каржылоо келишиминин алкагында Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу кызматтарын жакшыртуу долбооруна 100 млн доллар бөлөт.

27-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «2022-жыл 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» (кредит №7081-KG, грант №Е009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Келишимде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 50 млн доллар жеңилдетилген насыя жана IDA ресурстарынан 50 млн доллар грант каралган. Насыя 38 жылга, анын ичинде алты жылдык жеңилдетилген мезгилге, 32 жылга 0.75% менен берилет.

Долбоордун жалпы баасы 100 млн доллар.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 7 жыл, 2022-жылдан 2028-жылга чейин.

Долбоор төмөнкү аймактарда иштейт:

  • Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Суу, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарындагы суу түтүктөрүн, канализацияны жана тазалоочу курулмаларды реабилитациялоо жана куруу;
  • Баткен облусунда жалпысынан 38 айылдын үйлөрүн/короолорун туташтыруу менен жаңы суу түтүктөрү каржыланат;
  • Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү жайгашкан үч иштеп жаткан ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоону каржылайт. Үч ирригациялык система 23 суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагындагы жалпы аянты 28 миң га айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол