«Манас Ордонун» жетекчилиги 20 млн сомдон ашык каражатты коротуп салган

«Манас Ордонун» жетекчилиги 20 млн сомдон ашык каражатты коротуп салган

“Манас Ордо” улуттук комплексинин кызматкерлери 20.7 млн сомго жакын каражатты башка максаттарга жумшашкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маданият министрлигинин ички аудити одоно финансылык мыйзам бузууларды аныктады. Алсак, 2020-2021-жылдар үчүн аудитордук корутундуга ылайык, республикалык бюджеттин, ошондой эле мекеменин кызматкерлери үчүн атайын эсептин акчаларынан үстөк акылар, ашыкча эмгек өргүү акысы, эмгек стажы үчүн, жумуш ордун изилдөө отчету жок эле зыяндуулугу үчүн үстөк акылар негизсиз төлөнгөн.

Ошондой эле, тендердик сатып алууларда, электр энергиясын төлөөдө мыйзам бузуулар, президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн жана демөөрчүлөр берген каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы, «Манас Ордонун» муктаждыктары үчүн автоунаа сатып алынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Талас облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол