Садыр Жапаров Солтон-Сары кенине 1000 евролук куртка кийип барган

Садыр Жапаров Солтон-Сары кенине 1000 евролук куртка кийип барган

Президент Садыр Жапаровдун гардеробу 1000 евро турган дагы бир күрмө менен толукталды. Factcheck.kg-нин журналисттери кечээ, 27-июнда, Солтон-Сары кенине барган мамлекет башчынын кийген кийимин изилдеп көрүп, ушундай жыйынтыкка келишкен.

Мамлекет башчысынын күрмөсүн карап чыккан журналисттер италиялык MOORER брендинин этикеткасын байкашкан. MOORER сайтында ошол эле куртканы 1020 евро же Улуттук банктын курсу боюнча 85.8 миң сомго табышкан.

Продукциянын сүрөттөмөсүндө бул каздын жүнү менен тигилген Acqua линиясындагы пальто-бушлат (узундугу 72 см) экени айтылат.

Ошондой эле Жапаров май айында баасы 1000 евродон бир аз ашкан замша жана меринос жүнүнөн жасалган куртка кийип жүргөнүн Factcheck.kg эске салат. Кошумчалай кетсек, март айында Желек күнүн белгилөө учурунда өлкө башчысы 4 миң долларга жибек жана кашемирден тигилген пальто менен жамгырда калган.

Кошумчалай кетсек, Жапаров 2021-жылдын күзүндө базардагы сатуучулар менен жолугушууга 6 миң доллардык куртка кийип барган. Интернетте президенттин жана аны коштогондордун 105 миң сомдон ашык баадагы лыжа кийимдери да талкууланган эле. Ал эми 2020-жылдын октябрынын аягында социалдык тармактын колдонуучулары Жапаров баасы 3000 доллар Kiton фирмасынын жилетин кийип жүргөнүн байкашкан. Ал анда президенттин милдетин аткаруучу болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол

Нарындагы панорамада жайкы кинотеатр жана балдар аянтчасы уюштурулат

Нарындагы панорамада жайкы кинотеатр жана балдар аянтчасы уюштурулат

Нарын шаарындагы РТС аймагында жайгашкан панорама туристтик жайга айланат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарындын мэри Жылдызбек Беккелдиев "Сапат курулуш" ЖЧКсынын жетекчиси Валихан Жолбулаков менен жолугушуп, алдыдагы иштерди талкуулады. Долбоор сынак шартында жеке ишкерге пайдаланууга берилип, аймакта жайкы кинотеатр, сүрөт бурчу, балдар үчүн оюн аянтчасы жана