Суусундук чыгаруучу заводдун курулушуна ОКӨФ жана «Демир Банк» 2.8 млн доллар бөлүштү

Суусундук чыгаруучу заводдун курулушуна ОКӨФ жана «Демир Банк» 2.8 млн доллар бөлүштү

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК менен биргеликте «Дэйвен Компани» ЖЧКсына алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу заманбап заводду курууга 2.8 млн доллар беришти. Бул тууралуу ОКӨФ басма сөз кызматы билдирди.

Бул Кыргызстандагы биринчи жабык цикл менен иштөөчү завод. Ал желим бөтөлкө чыгаруудан баштап, суусундук куйганга чейин токтоосуз өндүрүштүн уникалдуу технологиясын колдонот. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун HACCP жана ISO стандарттары киргизилет, деп билдирди фонд.

«Компания продукциясынын ассортиментин кеңейтип, өндүрүштү жана экспорттун көлөмүн бир нече эсеге көбөйтө алат», – деди ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Белгиленгендей, долбоордун жүрүшүндө 70 жаңы жумушчу орун түзүлөт. Завод жылына 30 млн литр даяр продукция чыгармакчы. Салыктык төлөмдөр жана социалдык чегерүүлөр бир топ көбөйөт. Продукция Россияга жана башка мамлекеттерге экспорттолот.

«Импорттон көз карандылыкты азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан коюлган негизги милдеттердин бири. Мындай долбоорлорду колдоо менен биз бул милдеттерди ишке ашырууга болушунча жардам көрсөтүүгө аракет кылабыз», – деп баса белгиледи ОКӨФ жетекчиси.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн 100-150 метр аралыгы убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, 25-апрелден 26-апрелге саат 9:00гө чейин жолду жабуу пландаштырылууда. Бул жерде диаметри 300

Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору ачылат

Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору ачылат

Кыргызстанда чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору түзүлдү. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Дурус Козуев билдирди. Д.Козуевдин айтымына караганда,окуу жайлар тууралуу чет өлкөлөрдө маалымдоо иштерин жүргүзүү, аларды окууга тартуу, түшүндүрүү менен алектенет. Ошону менен бирге виза маселелери боюнча жана медициналык, академиялык колдоо

Панфилов районунда райондук соттун жаңы имараты курулуп жатат

Панфилов районунда райондук соттун жаңы имараты курулуп жатат

Панфилов районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталганын Жогорку соттон билдиришти. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышып, имараттын пайдубалына келечек кутучасын салды. Маалыматка ылайык, курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Имараттын жалпы аянты 1621,8 чарчы метрди түзөт. Жер тилкеси Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан берилген. Имарат

Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны кыскарды

Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны кыскарды

Кыргызстанда социалдык жөлөк пул алгандардын саны азайгандыгы байкалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жөлөк пул алгандардын саны 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 195 миң 900 адамга кыскарган. Министрлик бул көрүнүштү социалдык саясатка болгон мамиленин өзгөрүшү жана калктын өз алдынчалык