Ысык-Көлдө туристтер үчүн колл-центрлер күнү-түнү иштейт

Ысык-Көлдө туристтер үчүн колл-центрлер күнү-түнү иштейт

Ысык-Көлдө туристтер үчүн төрт тилде: англис, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде call-борборлор күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик милициясынын колл-центринин номери: 0705 009 102.
Кошумчалай кетсек, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоого күн сайын 5 миңден ашык милиция кызматкерлери жана миңден ашык ыктыярдуу элдик кошуундар тартылууда.

Кордай (Казакстан) – Бишкек, “Манас” аэропорту – Бишкек, Түндүк айланма – Бишкек, Бишкек – Балыкчы – Каракол, Ош – Бишкек, Ош – Чоң-Алай, Ош – Баткен, Бишкек – Торугарт жолдоруна МАИнин мобилдик посттору чыгарылды. Алардын баары Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматтык кайгуул унааларында болушат, борттук номерлери жана ишеним телефондору унаанын кузовунда көрсөтүлөт.

Мындан тышкары автотранспорттук колонналарды, расмий делегацияларды жана жаш балдарды эс алуу жайларына жана кайра артка коштоп баруу уюштурулган.

Коомдук тартипке жана туристтердин коопсуздугуна жооптуу милиция кызматкерлеринин тизмеси

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол