Парламентте мыйзам бузган эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү талкууланды

Парламентте мыйзам бузган эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү талкууланды

Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаттары кечээ, 28-июнда, мыйзам бузган эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн талкуулашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга лидер Нуржигит Кадырбеков баштаган фракция мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Баңги кылмышына аралашкан жарандардын энелери жаштар алдамчылыктын курмандыгы болуп жатканын белгилешүүдө. «Татарстанда эле 20га жакын мекендешибиз түрмөдө отурат. Бул айда 15 бала соттолду. Элчилик адвокат гана жөнөтүп, башка жардам көрсөтө алган жок», – дешип, элчиликтин имаратына кирүү да абдан кыйын экенин кошумчалашты.

Талкууда Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Россиядагы мекендештер арасында административдик укук бузуулардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 1.5 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. «Негизги себептер бул: өлкөгө кирүү жана чыгуу режимин бузуу, бейбаштык, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана баңгизаттарын колдонуу», – деп түшүндүрдү ал.

Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков билдиргендей, учурда Россияда 985 адам камакта. «Алардын 30%ы баңгизаттын айынан түзөтүү абагына камалган. Учурда талдоо иштери жүрүп жатат. Абактагылардын көбү оңой акча табам деп алданып калган», – деди Азарбеков.

Депутат Султанбай Айжигитов КР күч түзүмдөрүнүн Россиядагы өкүлчүлүктөрүн активдүү иштөөгө чакырды. Анын пикиринде, бул маселени чечүү үчүн комплекстүү иштеш керек. Кылмыштарды тергөө процессине Кыргызстандын өкүлдөрү тартылышы керек, кармалган учурдан тартып, бардык процессуалдык эрежелер сакталышы керек.

Мындан тышкары, депутат Динара Ашимова Түркия, Сирия сыяктуу өлкөлөрдө кармалган аялдарга байланыштуу маселени карап чыгуу зарылдыгын айтып, эл аралык конвенциялардын алкагында мыйзамдык базаны бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары тарабынан алданып, кылмыштуулукка аралашкан жарандарга жардам көрсөтүү, мындай окуялардын алдын алуу жана тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.