Айыл тургундары өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты

Айыл тургундары өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты

Аймактардын жашоочулары эки ай мурун өткөн тренерлер үчүн тренингден кийин (ТоТ) санариптик көндүмдөр боюнча өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты.

«Санариптештирүү аркылуу айыл жамааттары үчүн ачык келечек куруу» аталган DigiKonush долбоорунун алкагында муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер, жаштар жана активисттер үчүн 19-27-апрель күндөрү ТОТ өткөрүлгөн эле. Алыскы аймактардын тургундары ОшМУнун, БатМУнун жана ЫМУнун базасында толук жабдылган, заманбап Санариптик көндүм борборлорунда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Ошентип, Рахат Жусумамбетова «Санарип коопсуздукка 5 кадам» курсун түзгөн. Бишкек шаарындагы N98 кесиптик лицейдин мугалими Керимбек кызы Элнура SMM адистиги боюнча сабак берсе, Ош районундагы Мырза-Аке айылынын өкүлү Тахмина Кадырова Power Point, Excel, Mail.ru.cloud, Google-диск жана Canva сыяктуу куралдарды колдонууну үйрөтөт. Барскоон айылынын дагы бир 56 жаштагы активисти Нуржамал Эралиева компьютердик сабаттуулук боюнча курс ачкан.

Күндөй Абдуллаева жана Айдахан Кубанычбекова баш болгон бир катар катышуучулар DigiKonush долбоорунун Youtube-каналынан ТОТ материалдарын өз алдынча үйрөнүп, Open Source, Open Office, Linux, Gimp, электрондук капчыктарды колдонууну үйрөткөн өз курстарын иштеп чыгышкан. Дагы бир катышуучу Бөкөнбаев айылынан келген Нурлан Сейитбеков промо-компаниялар үчүн креативдүү роликтерди тартат.

Жалпысынан алганда, тренингдин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл, Ош облустарынан жана Бишкек шаарынан алты адам өз курстарын иштеп чыгышты.

Бул үйрөнүү курстарынын башкы өзгөчөлүгү – алар кыргыз тилинде түзүлгөндүгү. Алар айыл тургундарынын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.


DigiKonush санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү долбоору Кыргызстандын аймактарындагы, атап айтканда Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы аялдар менен жаштарга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.