Кайсы өлкөлөр дагы эле терс ПЦР-тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат - «Манас» аэропортунан жооп

Кайсы өлкөлөр дагы эле терс ПЦР-тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат - «Манас» аэропортунан жооп

Россия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Индия учуп келгендерден терс ПЦР-тесттерин же эмдөө сертификатын талап кылууну улантууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Россия, БАЭ, Индия талаптарын жоё элек. Ошондуктан Кыргызстандын аэропортторунда аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпаниялардын өкүлдөрү ПЦР-тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат», – деп белгилешти аэропорттон.

Тескерисинче, Өзбекстан, Казакстан жана Түркияга баргандар үчүн бардык талаптар жокко чыгарылды. Бул өлкөлөр июнь айында ПЦР-тести же эмдөө сертификаты милдеттүү түрдө болушун талап кылууну токтотушкан.

Ошол эле учурда, жүргүнчү Түркия аркылуу транзит менен учса, бара турган өлкөнүн элчилигинен эрежелерди тактап алуу керек экендигин “Манас” аэропортунун өкүлдөрү белгиледи.

Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту” өзү ПЦР-тестин талап кылбайт. Бул аэропорттордун эмес, жүргүнчү бара турган өлкөнүн талаптары экени белгиленди. Андыктан жүргүнчүлөр авиабилет сатып алып жатканда же бара турган өлкөнүн элчилигинде ПЦР-тести тууралуу маалыматты такташы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.