«Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда

«Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда

«Кыргызиндустрия» ААКтын алдында кийим-кече жана эмерек жасоо тармагы үчүн аксессуарларды жана көмөкчү материалдарды чыгаруу, көп функционалдуу принтерлерди, Wi-Fi роутерлерин, кассалык машиналарды жана персоналдык компьютерлерди чогултуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда, парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ишканаларды өнүгүү куралы катары кароо керек, алар экономиканын локомотиви болушу керек.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги тоо-кен тармагы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат», – деди Жапаров.

Минкаб башчысы Туризмди өнүктүрүү фонду да түзүлүп, быйыл 34 долбоорду, анын ичинде 10 инфраструктуралык жана 9 маалыматтык долбоорлорду ишке ашыра баштаарын эскертти.

Ошондой эле анын айтымында токтоп турган Кара-Балта килем комбинатынын негизинде синтетикалык жана жарым синтетикалык кездемелерди, тигилген буюмдарды чыгаруу боюнча текстиль кластери ишке киргизилгени жатат. Пахта-текстиль кластерин түзүү маселеси да иштелип жатат.

«Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан аларды кайра ишке киргизүүгө өттүк. Маселен, Майлы-Суудагы электр лампа заводун мамлекет кайтарып, аны модернизациялоого 1 млрд сом каралган. Кара-Балтадагы оңдоочу завод, Кара-Балта шаарындагы «Даназык» мамлекеттик ишканасы да мамлекетке кайтарылды. Токтоп калган ишканаларды кайра ишке киргизүү даярдалып жатат», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.