Кыргызстан насыяларын төлөбөсө, Бишкек ТЭЦи, «Датка-Кемин» жана «Түндүк-Түштүк» жолу башкаларга өтүп кетет - Акылбек Жапаров

Кыргызстан насыяларын төлөбөсө, Бишкек ТЭЦи, «Датка-Кемин» жана «Түндүк-Түштүк» жолу башкаларга өтүп кетет - Акылбек Жапаров

Кыргызстан тышкы насыяларды төлөбөсө, Бишкек ТЭЦи, “Датка-Кемин” электр чубалгысы жана “Түндүк-Түштүк” жолу бөлөктөрдүн колуна өтүп кетет. Бул тууралуу кечээ, 29-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча министрлер кабинетинин маалыматын кароодо минкаб башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйында минкаб башчысы мамлекеттик карызды төлөбөсөк, кандай тобокелдиктер бар экенин эске салды, деп билдирет «Азаттык» радиосу.

Анын айтымында, 2023-жылдан 2028-жылга чейин жыл сайын 400 млн доллардан 460 млн долларга чейин төлөп туруу зарыл, анын 80%дан ашыгы – тышкы карыз.

«Эмне үчүн бюджетти көбөйтүү зарылдыгын айтып жатабыз? Анткени жакынкы 5 жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 35 млрд сомдон 50 млрд сомго чейин бөлүшүбүз керек. Тышкы карызыбыздын 50%дан ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөшүбүз керек. Ошондуктан кийинки 5 жылда кайсыл каражаттардан төлөшүбүздү ойлонушубуз керек.

Мен муну коркутуу үчүн айтып жаткан жокмун, бирок акчаны төлөй албасак, анда Бишкек ТЭЦи, “Датка-Кемин”, “Түндүк-Түштүк” жолу сыяктуу объектилерди башкаруу бөлөк адамдардын колуна өтүп кетет. Тагыраак айтсак, Эксимбанк тандаган башкаруучу компаниянын колуна өтөт», – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.