Кыргызстандын Сот департаменти менчиктештирилип, калыбына келтирилген «Синегорье» пансионатын тартып алууга аракет кылууда – ээлери президенттен коргоо сурашууда

Кыргызстандын Сот департаменти менчиктештирилип, калыбына келтирилген «Синегорье» пансионатын тартып алууга аракет кылууда – ээлери президенттен коргоо сурашууда

КР Сот департаменти 2003-жылы эскирген, жарымы ураган калыбында менчиктештирилген «Фемида» пансионатын жаңы кожоюндан сот аркылуу тартып алууга аракет кылып жатат. Ээси ага 1.7 млн ​​доллар салып, оңдоп чыккан. Бул тууралуу «Синегорье» ЖЧКсынын жана ишкер Владимир Силантьевдин кызыкчылыгын коргогон юрист Рустам Абдурауфов билдирди.

Kaktus.media юристтин сөзүнө таянып, Кыргызстандын жараны 2003-жылы карыздары бар, эскирген «Фемида» пансионатын сатып алганын билдирет. Ал пансионатты ачык аукциондо эң көп суммага Мамлекеттик мүлк фондунан сатып алган.

Андан кийин ишкер 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат насыяга алып, аны объектини калыбына келтирүүгө жумшаган.

Эми өлкөнүн бардык сотторун каржылаган КР Сот департаменти иштеп жаткан пансионатты “Көлгө келген судьялардын жана сот кызматкерлеринин эс алуусун камсыз кылуу үчүн” сот аркылуу тартып алууга аракет кылып жатат.

Абдурауфовдун айтымында, бул иш боюнча сотторго «Кыргызстандын Сот департаменти тарабынан кысым болуп жатканы ачык көрүнүп турат». Учурдагы мыйзамдарга карама-каршы келген сот чечимдерин башка жол менен түшүндүрүү мүмкүн эмес, деп эсептейт Абдурауфов.

«2014-жылы, тактап айтканда, 11 жылдан кийин КР Сот департаменти Ысык-Көл райондук сотуна Силантьев менен пансионатты сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгарууну талап кылган доо менен кайрылган. Биринчиден, ал убакта бардык мыйзамдуу мөөнөттөр өтүп кеткен. Экинчиден, сот департаментинин пансионатка такыр тиешеси жок болгондуктан сотко берүүгө укугу жок болчу. Пансионатты ал кезде ээлик кылган Мамлекеттик мүлк фонду саткан», – деп баса белгиледи Абдурауфов.

Адвокаттын айтымында, Ысык-Көл райондук соту пансионаттын Сот департаментине таандык экенин тастыктаган бир дагы документи жок туруп, эскирүү мөөнөтүн мыйзамсыз калыбына келтирген. Ал эми сатуучу – Мамлекеттик мүлк фонду – пансионатты сатканын жана эч кимге дооматы жок экенин айтууда. Ал эми Ысык-Көл райондук сотунун судьясы өз чечиминде “Сот департаментинин жетекчилигинин тез-тез алмашып, пансионатты сатуу боюнча маалыматы жоктугуна байланыштуу” доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирип жатканын көрсөткөн. Бул такыр мыйзамсыз негиз, бул мөөнөттү өзгөртүүгө эч качан себеп боло албайт деп эсептейт юрист.

Ысык-Көл райондук сотунун 2020-жылдын 30-июнундагы чечиминде сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп табылып, мүлктү баштапкы абалына, б.а. Мамлекеттик мүлк фондуна кайтарылсын деп жазылган. Бирок аталган фонд кимдир бирөөгө доомат коюудан баш тартат, анткени 2003-жылы пансионат үчүн акча алган, пансионатты өнүктүрүү боюнча бизнес-план толугу менен аткарылган.

«Сот департаменти 2014-жылдан 2020-жылга чейин КР Жогорку сотунда Силантьевге каршы ишти утуп алган, бирок бүт сот системасы пансионат 2004-жылы «Синегорье» ЖЧКсына өтүп кеткенине көңүл бурган эмес. Өздөрүнүн катасын түшүнгөндөн кийин, алар кайра сот органдарына кайрылып, азыр пансионатты «Синегорье» ЖЧКсынан тартып алуу аракетин көрүшүүдө. Анан, албетте, соттор алар үчүн эскирүү мөөнөтүн кайра калыбына келтирип, ишти тез арада кароого аракет кылып жатышат», – деди адвокат.

Рустам Абдурауфов, Владимир Силантьев жана «Синегорье» ЖЧКсынын жетекчиси президент Садыр Жапаровдон “бардык ишкерлерге жардам берем” деп эл алдында убада берген Конституциянын кепили катары, бул мыйзам бузууларды жоюу үчүн комиссия түзүп берүүнү суранышууда. Ал комиссия Сот департаментинин былык иштерин териштирип, жергиликтүү тургундар үчүн бардык шарттарды түзүп, аларды жумуш орундары жана социалдык пакет менен камсыз кылып, ошондой эле өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөн КР жаранынын укуктарын калыбына келтирип берсе, деп суранышат арыздангандар.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.