Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат - Жанар Акаев

Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат - Жанар Акаев

Түркиянын YDA Group компаниясы 39 жылга “Манас” жана “Ош” аэропортторун сырттан башкарууга алат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, бул түркиялык компания ачык сынаксыз тандалып алынган.

«Ачык сынак өткөрүү пландалган болчу, ага германиялык жана кореялык компаниялар катышмак. Министрлер кабинети болсо сынаксыз эле баарын түркиялык YDA INSAAT компаниясына 39 жылга өткөрүп берүүнү чечти. Тышкы иштер министрлиги менен өкмөттөр аралык комиссия терс чечим чыгарган. Компания 557 млн доллар инвестициялоону пландаштырууда. Бирок аэропорт жылына 50 млн доллар берет, жыл сайын 5%га өсөт. Биз жөндөн жөн эле түрк банкына 207 млн доллар пайыз төлөйбүз», — деп Акаевдин айткан сөзүн 24.kg жазат.

Депутат Шайлообек Атазов кесиптешин колдоп, аэропорт тууралуу маалыматты угууну сунуштады.


Economist.kg мурда билдиргендей, Кыргызстан 2021-жылдан бери Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте «Манас» аэропортун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча иштеп келет. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында “Манасты” өнүктүрүүгө финансылык гана эмес, операциялык тажрыйбаны да алып келе турган ири инвесторду тартуу пландалууда.

Ошол эле учурда “Ош” аэропортуна инвестор тартуу боюнча буга чейин эч нерсе айтылган эмес.

«Манас» аэропортун модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга тогуз компания кызыкканын билдирген:

  • Munich Airports (Германия)
  • Korea airports corporation (Түштүк Корея)
  • Incheon airports (Түштүк Корея)
  • EGIS (Франция)
  • YDA Group (Түркия)
  • Corporation America airports (Аргентина)
  • Airports of Regions (Россия)
  • GMR Group (Индия)
  • ICTAS (Түркия)

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.