Алты өлкөнүн темир жол тармагынын өкүлдөрү эл аралык маршрутту өнүктүрүү маселесин талкуулашты

Алты өлкөнүн темир жол тармагынын өкүлдөрү эл аралык маршрутту өнүктүрүү маселесин талкуулашты

Кечээ, 30-июнда, Чолпон-Ата шаарында «Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөр – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Түркия – Европа» эл аралык мультимодалдык маршрутун өнүктүрүү боюнча темир жол жетекчилеринин алты тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Грузия, Түркиянын темир жол башкармалыктарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Азербайжандык логистикалык компания катышты.

“Кыргыз темир жолу” ачык акционердик коомунун башкы директору Азамат Сакиевдин айтымында, жыл сайын өтүүчү мындай жолугушуулар маршрутту өнүктүрүү долбоорун кыйла кеңейтип, темир жол администрациялары, логистикалык компаниялар жана бул маршруттун башка катышуучулары ортосундагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүп, актуалдуу маселелерди натыйжалуу чечүүгө жардам берет.

Жыйындын катышуучулары эл аралык мультимодалдык каттам долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты. Эгерде бул коридордун бардык катышуучулары чараларды макулдашып, өз ара аракеттешип турса, бул каттам өнүгөт, жүк ташуулардын көлөмү көбөйөт, контейнердик поезддердин өтүүсү жана жүктөрдү аралаш ташууну уюштуруу тездейт.

Жолугушуунун жыйынтыгында алар мультимодалдык маршрутту мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жазылган протоколго кол коюшту.

Маалымат үчүн:

Мультимодалдык коридор – жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн темир жол жана автомобиль жолдорун камтыган эл аралык маршруттар.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.