Эски прокуратуранын имараты бузулуп, ордуна жети кабаттык заманбап имарат курулат

Киев көчөсүндөгү өрттөлүп кеткен прокуратуранын ордуна жети кабаттык заманбап дизайндагы имарат курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык муниципалитет борбор калаанын тышкы көрүнүшүн, инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантууда. Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин баса белгиледи.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталды. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат 7 кабаттан турат. Анын дизайны шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Киев көчөсүндө жайгашкан башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды