Кыргызстандын банктары накталай долларды миллиондоп алып келет, бирок аны Россияга мүшөктөп ташып жатышат - Улуттук банктын жетекчиси

Кыргызстандын банктары накталай долларды миллиондоп алып келет, бирок аны Россияга мүшөктөп ташып жатышат - Улуттук банктын жетекчиси

Кыргызстандын коммерциялык банктары өлкөгө миллиондогон накталай доллар жана башка валюталарды алып келет, бирок алып-сатарлар аларды мүшөктөп Россияга алып кетүүдө. Бул тууралуу кечээ, 30-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев доллардын курсунун айынан банк тармагында жарандарга карата анча жакшы эмес абал түзүлүп жаткандыгына көңүл бурду. Бул тууралуу көп айтылып, бирок кырдаал курчуп баратканын белгиледи.

«Расмий курска карабай, тилекке каршы, [доллар] бир топ кымбат сатылып жатат. Доллар жана башка валюталарды сатуунун көмүскө базары пайда болду. Ал эми силер жарандарыбызга жардам бергендин ордуна, рыноктон доллар сатып алып, ого бетер тартыштык жаратып жатасыңар. Дефицит акча алмаштыруучу жайларда дүрбөлөңгө алып келет. Силерде курс 79 сом болгону менен, акча алмаштыруу жайлары 84-85тен сата башташат», – деп Бекешев чара көрүүгө чакырды.

«Муну тез арада оңдош керек. Биздин соодагерлер кантип келишимдерди түзүшөт, командировкага кантип учат, долларды кайдан сатып алат, кантип долларга товар алышат, билбейм», – деп кошумчалады депутат.

Бөкөнтаев Россиядагы накталай жана накталай эмес доллардын айырмасында болуп жаткан көйгөй Кыргызстанга да жайылып кеткенин айтты.

«Биздин өлкөдө накталай акчага салыштырмалуу накталай эмес доллар өтө көп. Биз накталай доллар сатып алган жокпуз. Биз накталай эмес доллар гана сатып алып, олку-солкулуктарды тегиздеп жатабыз. Айырма ушунда. Бирок накталай долларды биз сатып албайбыз. Сиз айтып жаткан Улуттук банктын курстарынын баары бул накталай эмес доллардын курсу, ал эми накталай рыноктон биз акча сатып алган жокпуз», – деп жооп берди Бөкөнтаев.

Ал эми накталай долларды коммерциялык банктар үзгүлтүксүз жана ири көлөмдө – миллиондоп алып келип турушат деп Улуттук банктын башчысы кошумчалады.

«Бирок мен сизге айткан көйгөй бар экени чын. Бул валютаны валюталык спекулянттар сатып алып, Россияга мүшөктөп ташып жатышат, анткени бизде накталай валютаны алып чыгууга эч кандай чектөө жок”, – деди регулятордун жетекчиси.

Буга карабастан кырдаалды жөнгө салуу керек жана бул Улуттук банктын иши деп Бекешев жооп берди. Бөкөнтаев бул үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада берди.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.