Жарым жыл ичинде 263 бизнеске банктан кредит алууга мамлекеттик кепилдик берилди

Жарым жыл ичинде 263 бизнеске банктан кредит алууга мамлекеттик кепилдик берилди

Жыл башынан тартып, 30-июнга чейин «Кепилдик фонду» ААК банктардан насыя алуу үчүн ишкерлерге 500 млн сомдон ашык суммага 263 кепилдик берген.

Кепилдиктин жардамы менен коммерциялык банктардан насыя алуу үчүн күрөөсү жетишсиз болгон ишкерлер кредит ала алышты. Фонддун маалыматы боюнча, жыл башынан бери мамлекеттин кепилдиги менен алынган банк кредиттеринин көлөмү 2 млрд сомдон ашкан.

“Кепилдик фонду” ишин баштагандан бери кепилдиктердин 83%ы өлкөнүн аймактарындагы кичи жана орто бизнести колдоого багытталганын фонд кызматкерлери белгилешти. Негизинен ресурстар айыл чарбасын өнүктүрүүгө, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, өнөр жайды жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

“Кепилдик фонду” иштеп баштагандан тартып, берилген кепилдиктердин эсебинен 4 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлүп, 16 миңден ашык иштеп жаткандар колдоого алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.