Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай жабылды

Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай жабылды

Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы “Ага-ини” жана “Таж-Махал” тез татым жайларынан тамактанган 79 адам ууланган. Шаар бийлиги жана тийиштүү кызматтар тарабынан аталган тез татым жайлары окуя катталгандан кийин убактылуу жабылган.

Учурда шаардагы тамактануучу жайлардын 50сү текшерилип, 35и убактылуу жабылган. 10 тамактануу жайына 48 миң сом айып пул салынган.

Ал эми 2-июль күнү Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Жалал-Абад шаарындагы ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, анда ишкерлерге санитардык талаптарды аткарып, аныкталган кемчиликтери жоюлганда гана ишмердүүлүгүнө уруксат берилерин түшүндүргөн. Тез татым жайларын иштеткен ишкерлерге өзгөчө соустарды өздөрү даярдабашы керектиги эскертилген.

Мындан тышкары окуңуз

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө