Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин “Биринчи радиого” берген маегинде угармандардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бакетаев түз эфирде маек куруп жатканда радио угуучулардын бири мамлекеттин каражатын үнөмдөөнү саясатчылардын жардамчыларын жана алардын чыгашаларын азайтуудан баштоо керектигин сунуштаганда, министр өзүнүн айлык маянасынын суммасын айтты.

“Мен Финансы министри болом. Айлыгым 42 миң сом. Эч кандай күзөтчүм жок. Мен күнүгө миллиарддаган суммадагы документтерге кол коем. Ушундай чоң каражаттарды башкарып, анан айына 15 миң сом алгандын кереги жок, чынын айткандачы. Негизи биз чиновниктерди өстүрүшүбүз керек эле – айлык маяналарын көтөрүп, бирок жоопкерчилик, милдеттерди илип. Менин көз карашымда андай чыгымдарды кыскартуунун кажети жок” – деди Бакетаев.

Ошондой эле министр бүгүнкү чыгымдар болушунча кыскартылганын, андан ары кыскартууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,