Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт - мэрия

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт - мэрия

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөй калат. Андыктан маршруткалардын айдоочуларына жаңы алынып келе турган автобустарга өтүү сунушталууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду.

Бишкек мэри келерки аптада Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен борбор калаага жаңы автобустарды сатып алаарын билдирди.

“Борбор калаанын жолдорун кичи автобустардан тазалап, экологиялык таза транспортту ишке киргизебиз. Ал октябрь-ноябрь айларында ишке ашат», – деди Абдыкадыров.


Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 25 млн еврону насыя түрүндө жана 8 млн еврону грант түрүндө берет. Бул каражатка борборго 250 автобус алуу каралып жаткан.

Бул алына турган автобустарга Кыргызстан жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт.

Ошондой эле Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча долбоор каралган.

Ага ылайык, борборго алына турган  120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустарына Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 56 млн доллар алат. Анын 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн доллары грант түрүндө берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,