«Кепилдик фонд» ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери 2.6 миң ишкерге кепилдик берген

«Кепилдик фонд» ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери 2.6 миң ишкерге кепилдик берген

«Кепилдик фонд» ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жана 2022-жылдын 4-июлуна карата күрөө менен кыйынчылыктарга дуушар болгон ишкерлерге 2655 кепилдик берген. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Фонддун берген маалыматына ылайык, кепилдиктердин суммасы 4 млрд сомдон ашкан, анын ичинен дээрлик 2.7 млрд сому региондордо чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган, бул берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 67%ын түзөт.

“Кепилдиктер өнөктөш-банктарга ишкерлерге 14 млрд сомдон ашык насыя берүүгө мүмкүндүк берди. Аймактардагы бизнес тарабынан 9.1 миллиарддан ашык кредиттик ресурстар алынган. Артыкчылыкта берилген кепилдиктердин 84%ы өлкөнүн аймактарына жөнөтүлгөн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кепилдиктердин 50%дан ашыгы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген жана ал тиешелүүлүгүнө жараша 46% жана 5%ды түзгөн.


Фонддун максаты – чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин насыя жана башка финансылык ресурстарына болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин насыя келишимдерине, финансылык ижара (лизинг) келишимдерине жана банк гарантиясын берүү туурасында келишимдерге негизделген милдеттенмелери боюнча гарантия системасын өнүктүрүү.

Улуттук банк фондду 2019-2020-жылдары туруктуу капиталдаштыргандын эсебинен анын уставдык капиталы 4.132 млрд сомго чейин көбөйгөн.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө