Кытай берген гранттык каражаттын эсебинен Бишкектин 23 көчөсү оңдолду

Кытай берген гранттык акчанын эсебинен Бишкектин 23 көчөсүн ремонттоо иштери аяктады. Дагы 37 көчөдө демонтаждоо зарыл болгон объекттерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду.

Жалпысынан Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылып жаткан “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында узундугу 70.9 чакырымды түзгөн 60 көчө оңдолот. Болжол менен 630 миң м2 жол катмары, 46 миң ирригациялык лоток жаңыртылып, 130 чакырым тротуар жана беш көпүрө курулат.

Долбоор калк жашаган «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Жеңиш», «Ак-Босого», «Эне-Сай», «Ак-Тилек», «Учкун», «Ынтымак», «Дордой-2»,«Кара-Жыгач» жаңы конуштарында 32.8 чакырымдык жол курууну камтыйт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды