Улуттук банк накталай долларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө толук тыюу салууну демилгелеп жатат

Улуттук банк накталай долларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө толук тыюу салууну демилгелеп жатат

Улуттук банк жеке жактарга Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгып кетүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифингде билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу.

Эми болсо УБ бардык жеке жана юридикалык жактар ​​үчүн накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгелөөдө. Бул документ коомдук талкууга чыгарылды.

Ошол эле кезде акыркы чечимди минкаб кабыл алат.

Ошондой эле Карабаева Россия менен Казакстанда да чет элдик валютаны сыртка чыгарууга чектөө коюлганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, коммерциялык банктардагы накталай доллардын көлөмү 7-10%га кыскарган. Улуттук банктын расмий өкүлү бул көрүнүштү геосаясий кырдаал менен байланыштырды. Анын айтымында, накталай эмес ири суммадагы долларлар Кыргызстанга которулуп, андан кийин ал накталай акчага айланып, өлкөдөн чыгарылып кетүүдө.

«Дагы бир көйгөй – долларды жеткирүү каналдары иштебей калды. Буга чейин накталай америкалык валютанын булагы Россия менен Казакстандын базарлары болчу», — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,