Япониялык компания инвестиция салуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат. «Улуу Көчмөндөр Мурасы» менен да таанышты

Япониялык компания инвестиция салуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат. «Улуу Көчмөндөр Мурасы» менен да таанышты

4-июлда «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен япониялык Advanced Material Japan Corporation компаниясынын атайын кеңешчиси Шигео Накамура менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Шигео Накамуранын айтымында, учурда Япония инвестиция салуу жана түрдүү тармактарда бизнес долбоорлорун түзүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат.

Япониялык компаниянын өкүлүнө «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын башкаруучусу болгон «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берилди.

Аталган япониялык компаниянын ишмердүүлүгүнө жакын болуп саналган сейрек жер элементтер кенин иштетүү долбоору Шигео Накамуранын өзгөчө кызыгуусун жараткан. Япониялыктар сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүүнү диверсификациялоого кызыкдар экендигин, ал эми Кутессай-II долбоору өз кезегинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү мындай объектилердин арасынан өндүрүшкө алуу баскычына жакын экенин белгилешкен.

«Биз алдыңкы технологияларды алууга, инвестицияларды тартууга кызыктарбыз жана биздин мамлекеттерибиз үчүн өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз», – деп белгиледи «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти.


Advanced Material Japan Corporation (AMJ) — Япониядагы алдыңкы соода компаниясы жана дистрибьютору. Компания сейрек кездешүүчү металлдарга, вольфрам концентратына, оксиддерге жана вольфрам буюмдарынын дагы башка түрлөрү боюнча адистешкен. AMJ ошондой эле молибден, титан, тантал, ниобий, ферросплав жана башка сейрек кездешүүчү металлдар рынокторунда күчтүү позицияга ээ.

Компания өндүрүштө чоң тажрыйбага ээ, анын тарыхы Chori Advanced Material Ltd компаниясынан баштап, 2004-жылы негизделген AMJ компаниясы менен уланат. Компаниянын башкы кеңсеси Токиодо жайгашкан, Пекинде, Шанхайда, Москвада, Владивостокто, Торонтодо, Ханойдо жана Улан-Батордо өкүлчүлүктөрү бар.

Мындан тышкары окуңуз

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,