Жаңы дайындалган Нарындын облус башчысын Акылбек Жапаров коллективге жеке өзү барып тааныштырды

Жаңы дайындалган Нарындын облус башчысын Акылбек Жапаров коллективге жеке өзү барып тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыдан дайындалган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппаратына өзү барып тааныштырды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Нарын облусунун жетекчилик кызматына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Алтынбек Эргешов дайындалган.

“Нарын кендерге бай аймак, Кара-Кечеде 850 млн тонна көмүр кору бар. Мындан сырткары Жетим-Тоо, Сандык кендери да турат, өрөөнгө 32 ГЭС курса болот. Нарынды өндүрүш-энергетикалык аймакка айлантуу боюнча мурунку жетекчинин демилгелерин жаңы дайындалган жетекчи ишке ашырат деген ишеничтемин”, – деди Жапаров.

Мындан сырткары министрлер кабинетинин башчысы мурдагы облус башчысы Сабыркул Ашимбаев эми өз жумушун президенттик аппаратта улантаарын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алууга болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн жана расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабы билдирди. Электрондук билетти nebs.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Ал үчүн сайттан каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, "

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө