2021-жылы «Кыргызалтындын» таза кирешеси 2.7 млрд сомду түзгөн

2021-жылы «Кыргызалтындын» таза кирешеси 2.7 млрд сомду түзгөн

2021-жылы “Кыргызалтындын” таза кирешеси 2.7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААКтын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жеңиш Сейдалиев япониялык Advanced Material Japan Corporation компаниясынын атайын кеңешчиси Шигео Накамура менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда Сейдалиев «Кыргызалтын» ААК 30 жылдык тажрыйбага ээ жана компаниянын уставында көрсөтүлгөн бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Биз кызматташууга ачыкпыз жана тоо-кен казып алуу, зергерчилик, курулуш, мейманкана бизнесинен тартып, жеке санаторийге чейин өндүрүштүк базаларга ээбиз. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтындын” таза кирешеси 2.7 млрд сомду түздү. Бул биздин Коомдун өнүгүп, мамлекетке, демек элге пайда алып келе жаткандыгынан кабар берет”, – деди Жеңиш Сейдалиев.

Белгилей кетсек, Япониялык Advanced Material Japan Corporation ишканасынын өкүлдөрү инвестиция салуу жана түрдүү тармактарда бизнес долбоорлорун түзүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат жана кыргызстандык ири ишканалар менен да жолугушууларды өткөрүүдө. Япониядан келген делегация 4-июлда «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгүнө жакын болуп саналган сейрек жер элементтер кенин иштетүү долбоорлоруна кызыкдар экендигин билдиришкен эле. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш