Алгачкы үч чет элдик компания «Google салыгын» Кыргызстанда төлөйт

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү алгачкы 3 чет өлкөлүк компания КНС төлөөчү болушту. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

КРда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү алгачкы 3 чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталышты.

Яндекс Go, Megogo жана Xsolla компаниялары Салык кызматынын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өтүштү.

Азыркы учурда, тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

  • “Google салыгы” – жеткирүү орду КРнын аймагы деп таанылган, КРда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды