Бишкекте күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын бузуу иштери башталды

Бишкекте 2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын бузуу иштери башталды.

Аталган имарат борбордун Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мэрия имараттын айланасын жаап, анын эң үстүнкү кабаттарын бузуп баштады.

Эскерте кетсек, буга чейин шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин айткан эле.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталган. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат 7 кабаттан турат. Анын дизайны шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды