JICA КРнын тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

JICA КРнын тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Япониялык Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA) жаратылыш ресурстары боюнча улук кеңешчиси доктор Йош Итака Хосои, ошондой эле агенттиктин энергетика жана тоо-кен казып алуу департаментинин башчысы Хироюки Мацуда жетектеген миссиясы Кыргызстанга келип, “Кыргызалтындын” жетекчилери менен жолугушуу өткөргөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.

“Алардын максаты – Кыргызстандын тоо-кен тармагын изилдөө. Миссиянын мүчөлөрү өнөр жайдагы жалпы абал: негизги кен чыккан жерлер, өндүрүш, экспорт, учурдагы кен казып алуу боюнча долбоорлор, ошондой эле улуттук өнөр жай саясаты менен таанышууну каалашууда”, – деп айтылат маалыматта.

Жолугушуудан кийин JICA өкүлдөрү биргелешкен ишкананын жумушу менен таанышуу үчүн «Алтын Кен» ЖЧКсына жөнөп кетишкен.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Министрлер Кабинети 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жардам менен камтууну кеңейтүүгө жана