Кыргызстандын энергетика компанияларынын бюджетинин таңкыстыгы 15.3 млрд сомго жетти

Кыргызстандын энергетика компанияларынын бюджетинин таңкыстыгы 15.3 млрд сомго жетти

Кыргызстандын энергетика компанияларынын бюджетинин таңкыстыгы 15.3 млрд сомду түздү. Мындай маалымат Энергетика министрлигинин бул тармактын учурдагы финансылык-экономикалык абалы боюнча билдирүүсүндө айтылат.

Ишканалардын каражатынын мындай тартыштыгы азыркы тарифтердин төмөн болушуна, ошондой эле импорттун жана Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнүн кымбаттыгына байланыштуу.

Маалыматта төмөн, арзан тарифтер электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымды актабайт деп айтылат.

Ошол эле учурда Энергетика министрлиги каражаттын тартыштыгына карабастан, негизги чыгымдар өз убагында каржыланып жатканын билдирди. Тагыраак айтканда, эмгек акыларды жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөө, оңдоо жана тейлөөгө кеткен чыгымдар жана келе жаткан күз-кыш жылытуу мезгилине өз убагында даярдык көрүү чаралары үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш