Нарында кышка даярдык башталды - облуска күз-кыш мезгилине 116 миң тонна көмүр керек

Нарында кышка даярдык башталды - облуска күз-кыш мезгилине 116 миң тонна көмүр керек

Нарынга жаңы дайындалган облус башчысы Алтынбек Эргешов кышка даярдык боюнча штабдын кезектеги отурумун өткөрүп, Нарын облусунун 2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгынын абалы менен таанышканын “Нарын медиаборбору” билдирди.

Облус жетекчисинин орун басары Адыл Сапаровдун айтымында, быйыл тендерлер жоюлгандыгына байланыштуу көмүр тартуу иштери түз келишим менен эрте жүргүзүлөт.

2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилине Нарын облусуна жалпы 116 миң 54 тонна көмүр керектелет. Мунун ичинен элге 90 миң 400 тонна тартуу зарыл.

Отурумда Нарын шаарынын мэри келишимдерди эрте түзүп бүткөндөр мүмкүнчүлүк болсо көмүр отунун эрте тарта берүүнү, кышка даярдыкты убагында бүтүрүп кыштан элди үшүтпөй алып чыгуу тапшырмасын берип, бул боюнча жоопкерчилик штаб башчысы жана акимдерде болоорун эскертти. Ошондой эле 15-июлга чейин келишимдерди бүтүрүп, 15-сентябрга чейин бюджеттик мекемелерге көмүр отунун тартып бүтүрүүнү милдеттендирди.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Министрлер Кабинети 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жардам менен камтууну кеңейтүүгө жана

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөн районунда ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Хундай Соната" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран дарыгерлердин кароосунан өткөрүлүп, баңгизат колдонгону аныкталган. Айдоочуга

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

“Бишкекгаз” кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 26-27-августта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Газ Бишкек шаарындагы Ильменск, Каракөл тар, Якутск көчөсү, Каракум көчөсүндө жана Ден Сяопин проспектисинде өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү