Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары алмашты

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары алмашты

Айдарбек Мамбеткадыров Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ал буга чейин Санариптик өнүктүрүү министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.

Мамбеткадыров «Жарандык укук» жана «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча билим алган. Ал буга чейин КРнын Жогорку сотунун жана Конституциялык сотунун Аппаратында, Бишкек мэриясында, Жогорку Кеңештин Аппаратында эмгектенген.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Министрлер Кабинети 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жардам менен камтууну кеңейтүүгө жана