Түп районунда мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы кызматтык үйлөр курулат

Түп районунда мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы кызматтык үйлөр курулат

Түп районунда облус жетекчилери үчүн жаңы үйлөр курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунун жаңы жетекчисин администрацияга тааныштыруу учурунда билдиргенин минкабдын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, Жапаров жаңыдан дайындалган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппаратына өзү барып тааныштырган.

Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Нарын облусунун жетекчилик кызматына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Алтынбек Эргешов дайындалган.

Жолугушууда Кыргызстанда акимдерди ротациялоо ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеген Жапаров аймактарда мурунку кызматтык үйлөр кайра жаңыланарын билдирди. 

“Региондогу  мурунку мамлекеттик кызматтык үйлөр менчиктештирилип кеткен. Анын ордуна  президентибиздин демилгеси менен жаңы кызматтык үйлөрдү курууга кириштик. Пилоттук долбоор катары алгач Түп районуна жетекчилер үчүн 5-6 үй куралы деп жатабыз. Элибиз да, жерибиз да бир. Жер алмаштырып бөлүнбөй элге кызмат кылалы”, – деди министрлер кабинетинин башчысы. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарында фасаддык материал чыгарган ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлөт

Нарын шаарында имараттын сыртын жасалгалоочу курулуш материалдарын өндүргөн "Нарын Фасад" ишканасы иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана мэрия жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен аракети менен ачылган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 8–10 миң чарчы метрге чейин курулуш материалдарын чыгарууга жетет деп белгиленген. Ошондой эле 100гө

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордогу шарттар, заманбап компьютердик класстар жана тестирлөө системасынын иштөө

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар

Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди. Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү,

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш