Өзбекстандан келе жаткан 24 миң кг дарбыз кайра артка кайтарылды

«Достук» көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан КРнын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 24 миң кг өлчөмүндө жаңы бышкан дарбыз кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

«Достук» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө келе жаткан жүктүн ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Аталган пунктун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Өзбекстанга «Достук» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайтарылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды