«Айыл Банк» өлкө боюнча 3 миңдей дыйканга жеңилдетилген кредит берген

7-июлга карата «Айыл Банк» ААК тарабынан «Айыл чарбасын каржылоо-10» мамлекеттик программанын алкагында жалпысынан 1.9 млрд сомго 3 198 кредит берилген. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен “мал чарбасы” багытында 1.3 млрд сомго 1 962 кредит, «өсүмдүк өстүрүү» багыты боюнча 515 млн 372 миң сомго 1 118 кредит, «айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» багыты боюнча жалпы суммасы 322 млн 365 миң сомду түзгөн 117 кредит берилген.

30-июнга карата Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак, республика боюнча «Айыл чарбасын каржылоо-10» («АЧК-10») жеңилдетилген насыялоо программасынын алкагында жыл башынан бери кыргызстандык дыйкандар 4 млрд сомдук 7.5 миңден ашык насыя алышкан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды