Америкалык Kanda Software өзүнүн Кыргызстандагы биринчи жылын белгиледи

Америкалык Kanda Software өзүнүн Кыргызстандагы биринчи жылын белгиледи

Жогорку технологиялык рынокто жыйырма беш жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык IT-кызмат көрсөтүүчү провайдер Kanda Software өзүнүн Борбордук Азиядагы биринчи жылын белгиледи. Резидентинин мындай кабары менен Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) бөлүштү.

Мындан туура бир жыл мурун Кыргызстандын тарыхындагы эң ири IT биригүү болгон – жергиликтүү TimelySoft компаниясы менен биргеликте Бишкекте америкалык Kanda Software компаниясынын кеңсеси ачылган.

Канда учурда Ford, Samsung, Apple, Red Sox, Lionbridge сыяктуу дүйнөгө белгилүү бренддердин долбоорлорунун үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле Кыргызстандын IT коомчулугунун жана спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошууда: IT олимпиадаларды, стажировкаларды өткөргөндөн тышкары, жаш адистер үчүн жана Борбордук Азиядагы эң ири Run The Silk Road жарышын колдоп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга